11:49, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (60 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
10:35, 10-апрель, 2026 (23 адам окуп жатат)
Жетекчи болгон Эдуард Кубатов тууралуу эмне белгилүү?
10:40, 10-апрель, 2026 (12 адам окуп жатат)
Президент Садыр Жапаров Ош шаарына келди. Видео

УКМК Сириядан келген кыргызстандыкты кармады

На русском
11:36, 9-апрель, 2026 509

АКИpress - Сириядагы согушка катышууга тиешеси бар жаран кармалды, деп билдирди УКМК.

Тактап айтканда 7-апрелде 1984-жылы Ош облусунда туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Ф.Г. кармалды.

«Ал 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан издөөгө алынган. Ош облусунда 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны И.Б.Н.нын азгыруусуна кабылып, Түркия аркылуу Сирияга барып, "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун катарына кошулган.

Кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алды, ошондой эле аталган террористтик уюмдун катарында көпкө болбой, анын ишмердүүлүгүн түшүнгөндөн кийин Сириядан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын маалымдады. Ал үй-бүлөсүнө баруу шылтоосу менен Түркияга кетип, андан соң Кыргызстанга келген», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»