19:09, 9-апрель, 2026

Биз бир эл элек: Бишкекте тарыхый эс тутумду даңазалаган «Кинопанорама» өтүп жатат

На русском
11:37, 9-апрель, 2026 301

АКИpress - Эл аралык «Кинопанорама» кинофоруму Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдө тартылган Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тасмаларды көрсөтүүгө багытталган. Ошондой эле иш-чара режиссёр Станислав Говорухиндин элесине арналган 90 жылдыкка туш келген. Бул тууралуу «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун маданият аралык программалар жана эл аралык долбоорлор департаментинин жетекчиси Вячеслав Матвейчук билдирди.

8-9-апрель күндөрү Бишкекте «Жеңиш 9/45» эл аралык патриоттук кыймылынын алкагында эл аралык «Кинопанорама» кинофоруму өтүп жатат.

Матвейчук Орусия Федерациясынын эл артисти жана режиссёр Станислав Говорухиндин кинематографияны өнүктүрүүгө кошкон салымын баалоо кыйын экенин белгиледи. Анын айтымында, Говорухин көрүүчүнү экрандагы ар бир актёрго, сюжетке жана эмоцияга ишенүүгө үйрөткөн. Анын чыгармачылыгы бүтүндөй бир муунду — анын ыкмасын өздөштүрүп, өз кинофилософиясына киргизген актёрлорду жана режиссёрлорду тарбиялады.

Кинопанораманын алкагында тарыхый эс тутумду сактоо темасы өзгөчө орунду ээлейт. «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун уюштуруучулары классикалык кино аркылуу Жеңиштин чыныгы маанисин эске салууну көздөшөт. Башкы көңүл элдердин биримдигине бурулат, дал ошол биримдик согушта жеңишке жетүүгө өбөлгө болгон.

«Биз бир окопто отурганбыз — 15 республика тең. Биз бир эл элек: кыргыз, орус, өзбек, тажик, молдаван. Эч ким бири-бирин улутуна карап бөлгөн эмес», — деп белгиледи Матвейчук.

Анын айтымында, боордоштук тууралуу бул идея бүгүнкү күндө да актуалдуу бойдон калууда. Кинематография аны жаңы муундарга жеткирүүгө жана жалпы маданий мурасты сактоого жардам берген куралга айланууда.

Вячеслав Матвейчук Станислав Говорухиндин «Жолугушкан жерди өзгөртүүгө болбойт» (Место встречи изменить нельзя) аттуу көп сериялуу тасмасын өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, бул фильм согуштан кийинки турмушту чагылдырып, адамдардын кандай жашаганын, кыйынчылыктарды кантип жеңгенин жана келечекке болгон ишенимин кантип сактап калганын көрсөтөт.

Кинопанораманын алкагында билим берүү программасы да каралган. Анын ичинде режиссура, актёрдук чеберчилик жана сахнадагы сүйлөө боюнча Говорухиндин ыкмаларына негизделген мастер-класстар өтүүдө. Катышуучулар анын өзгөчө ыкмасы жана азыркы киного тийгизген таасири тууралуу талкуулашат.

Матвейчук уюштуруучулар иш-чараны Бишкекте өткөрүүгө өзгөчө маани берерин да белгиледи. Кыргызстан Евразия мейкиндигинде Орусиянын маанилүү маданий өнөктөшү катары каралат. Анын айтымында, Бишкек жылуу кабыл алуусу жана жигердүү маданий кызматташтыгы менен мындай форумдарды өткөрүүчү негизги борборлордун бирине айланды.

«Кинопанорама» бир өлкөнүн алкагынан чыгып кеткен. Буга чейин мындай иш-чаралар Абхазияда, Арменияда, Беларуста, Өзбекстанда жана Кытайда өткөн. Мындай «киносаякат» форматы гуманитардык байланыштарды чыңдоого, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосунда туруктуу диалогду колдоого жардам берет. Кинофорумдар фестивалдарда түзүлгөн достук жибин үзбөй, биргелешкен чыгармачылыкты улантууга мүмкүнчүлүк берет», — деди Матвейчук.

 

 

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»