04:15, 10-апрель, 2026

Шарттар толук сакталмайынча АКШнын аскерлери Иран менен Жакынкы Чыгышта калат, - Трамп

На русском
11:22, 9-апрель, 2026 340

АКИpress - Дональд Трамп келишимдин шарттары толук сакталмайынча АКШнын аскерлери Иранда жана Жакынкы Чыгышта кала турганын билдирди. Анын айтымында, АКШ армиясында келишим бузулса, душманга сокку урууга бардык мүмкүнчүлүк бар.

Трамп ошондой эле өз билдирүүсүндө ядердик курал боюнча маселе чечилгенин, ал эми Ормуз кысыгы ачык жана коопсуз бойдон каларын жазган. Анын сөзүнө караганда, азыр америкалык аскерлер запастарын толуктап, эс алып жатышат.

8-апрелде Трамп Иранга коюлган ультиматум 2 жумага узартылганын жарыялаган. Ал тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүндө мунасага жетишкенин жана ушул мөөнөт ичинде келишимди толук бүтүрүү пландалып жатканын билдирген.

АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү 10-апрелде Исламабад шаарында өтөрү белгиленген. Ошол эле күнү «Fars» агенттиги Израил Ливандагы объекттерге сокку ургандан кийин Ормуз кысыгындагы кыймыл кайрадан токтотулганын билдирген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньягунун кеңсеси Иран менен түзүлгөн эки жумалык ок атышпоо Ливандын аймагына тиешеси жок деп эсептей турганын билдирген. Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф болсо келечектеги сүйлөшүүлөр менен ок атышпоо режими маанисин жоготконун айткан. Анын айтымында, АКШ менен Израил элдешүүнүн үч негизги талабын бузган. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»