АКИpress - Депутат Мавлюда Калбердиева Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандарга бир жолку төлөм берүүнү сунуштады.
«Быйыл 26-апрелде 40 жыл болот экен буларга. Көбү депутаттарга жазышыптыр. Азыр да жазып, кайра-кайра айтып коюңуздарчы деп суранып жатышат. Бир жолку төлөмдү суранып жатышат.
40 жыл мурун 6 000 адам бизден Чернобылга барышкан экен. Ошондон 960 киши азыр тирүү экен. Ошолорго бир жолку төлөмдү аябай эле берип койсок жакшы болот эле. Алар деле мындан 40 жыл мурун өз ыктыяры менен барган эмес да, туурабы? Сураныч, карап берип коюңуздар», - деди ал.