18:56, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (18 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
18:20, 9-апрель, 2026 (14 адам окуп жатат)
Урмат Айтиев аким болуп дайындалды
18:19, 9-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Аламүдүн районунун акими кызматтан бошотулду

Депутат аскер кызматкерлерине турак жай алуу үчүн акча берүү тартибин жөнөкөйлөтүүнү сунуштады

На русском
10:48, 9-апрель, 2026 491

АКИpress - Депутат Райымберди Дүйшөнбиев Куралдуу күчтөрдүн, Ички иштер органдарынын ардагерлеринен пенсия жана турак жай маселеси боюнча көптөгөн кайрылуу келип түшүп жатканын билдирди.

Ал бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда жалпы жарандар менен биргеликте пенсиялар көтөрүлгөн учурда аскер, милиция ардагерлердин дагы пенсияларын көтөрүп, бирдиктүү системага киргизүүнү суранды.

«Экинчи маселе турак жай менен камсыз болбогон аскер кызматкерлерге мамлекет тарабынан акча каражаттары бөлүнөт. Бирок аны алуу оор, татаал. Атайын келишимдерди түзүү, ар түрдүү маалым каттарды топтоо, атайын комиссияларды мекемелерде түзүп, аларды текшерүү — убакыт жана акча каражатын негизсиз сарптоого алып барат. Бул акча каражаттарды алуу үчүн негиздеп эки гана маалым катты эсептесек — биринчи кадастрдан жеке турак жай менен жеке турак жайы жок деген, экинчиси — иштеген жеринен турак жай менен камсыз болбогон деген. Ошондо биз аскер кызматкерлерине жана үй-бүлө мүчөлөрүнө жакшы шарттарды түзүп беребиз», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»