23:29, 9-апрель, 2026

12-апрелде Бишкекте Түштүк магистралдын бир бөлүгү жабылат

На русском
10:34, 9-апрель, 2026 273

АКИpress - Бишкекте 12-апрелде жыл сайын өтүүчү «Жаз деми» жөө жарышына байланыштуу Түштүк магистралдын түштүк тарабы убактылуу тосулат.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жол саат 05:00дөн 13:00гө чейин жабык болот.

Иш-чарага 25тен ашык өлкөнүн 4500гө жакын жараны катышат. Катышуучуларга 5, 10 жана 21 чакырым аралыктар сунушталат.

Маршрут төмөнкү көчөлөр менен өтөт:

  • Жайыл баатыр көчөсү Алыкуловдон Садырбаевге чейин;
  • Масалиев көчөсү Садырбаевден Бакаевге чейин.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»