17:10, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (26 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
11:54, 9-апрель, 2026 (13 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат

12-апрелде Бишкекте Түштүк магистралдын бир бөлүгү жабылат

На русском
10:34, 9-апрель, 2026 235

АКИpress - Бишкекте 12-апрелде жыл сайын өтүүчү «Жаз деми» жөө жарышына байланыштуу Түштүк магистралдын түштүк тарабы убактылуу тосулат.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жол саат 05:00дөн 13:00гө чейин жабык болот.

Иш-чарага 25тен ашык өлкөнүн 4500гө жакын жараны катышат. Катышуучуларга 5, 10 жана 21 чакырым аралыктар сунушталат.

Маршрут төмөнкү көчөлөр менен өтөт:

  • Жайыл баатыр көчөсү Алыкуловдон Садырбаевге чейин;
  • Масалиев көчөсү Садырбаевден Бакаевге чейин.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»