АКИpress - Бишкекте 12-апрелде жыл сайын өтүүчү «Жаз деми» жөө жарышына байланыштуу Түштүк магистралдын түштүк тарабы убактылуу тосулат.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жол саат 05:00дөн 13:00гө чейин жабык болот.
Иш-чарага 25тен ашык өлкөнүн 4500гө жакын жараны катышат. Катышуучуларга 5, 10 жана 21 чакырым аралыктар сунушталат.
Маршрут төмөнкү көчөлөр менен өтөт:
- Жайыл баатыр көчөсү Алыкуловдон Садырбаевге чейин;
- Масалиев көчөсү Садырбаевден Бакаевге чейин.