04:15, 10-апрель, 2026

Бишкекте 600 автобус айдоочусу жетишпейт

На русском
10:33, 9-апрель, 2026 436

АКИpress - Бишкекке 3200 коомдук транспорттун айдоочусу керек, бирок иш жүзүндө 2600 гана адам иштейт, деп билдирди 8-апрелде «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын өкүлү.

Анын айтымында, учурда 500-600 айдоочу жетишпейт. Апрелде айдоочулардын айлык акысы жогорулайт.

Ошондой эле ал 2023-жылы жол кире үчүн нак эмес төлөмдүн көлөмү 20%, ал эми нак төлөм 90% болсо, азыркы учурда абал өзгөрдү: нак эмес төлөм – 80%, нак төлөм – 20%.

«Быйыл толугу менен нак эмес төлөмгө өтүү боюнча жарандар жана айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди муниципалдык ишкананын өкүлү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»