04:16, 10-апрель, 2026

АКШ жардам берүүдөн баш тарткан өлкөлөрдөн аскерлерин которушу мүмкүн, - басылма

На русском
10:28, 9-апрель, 2026 444

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Иран менен болгон чатак учурунда ага жана Израилге жардам бербеген Түндүк Атлантика аскердик-саясий альянсына (НАТО) мүчө өлкөлөрдөн аскерлерин чыгарып кетүүнү карап жатат, деп билдирет «The Wall Street Journal» 8-апрелде.

Сунушталган план боюнча, америкалык аскерлер АКШнын аскердик кампаниясын активдүү колдогон өлкөлөргө которулат.

Басылма белгилегендей, бул Ак үйдүн Иранга жасалган операцияда жардам берүүдөн баш тарткандыгы үчүн Европанын НАТОго мүчө өлкөлөрүн жазалоо максатында талкуулап жаткан бир нече варианттардын бири.

Басылма бул план администрацияда колдоо тапкандыгын, бирок азырынча иштеп чыгуунун алгачкы баскычында экендигин кошумчалады.

Администрациянын эки өкүлүнүн айтымында, аскерлерди которуудан тышкары, план Европанын кеминде бир өлкөсүндө, балким Испанияда же Германияда АКШнын базасын жабууну да камтышы мүмкүн.

Ак үй бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

АКШнын аскерлери кайсы Европа өлкөлөрүнөн которулушу мүмкүн экендиги белгисиз. Гезит Испания, Германия, Италия жана Францияны Иран менен болгон согушту сындагандардын же америкалык аскерлерге өздөрүнүн аба мейкиндигин же кампания учурунда аскердик базаларын пайдаланууга уруксат бербегендердин катарына кошту.

Басылманын булактары америкалык аскерлерди которуудан Польша, Румыния, Литва жана Греция пайда көрүшү мүмкүн экендигин билдирген. Гезит АКШнын бул планы Россиянын батыш чек арасына жакын жерге америкалык аскерлерди көбүрөөк жайгаштырууга алып келерин, бул Москванын нааразычылыгын жаратышы мүмкүн экендигин белгиледи.

Европада болжол менен 84 миң америкалык аскер кызмат өтөйт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»