АКИpress - Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Бүгүн, 9-апрелде килемге кыз-келиндер күрөшүнүн өкүлдөрү чыгып, 53, 57, 62, 65 жана 72 кг салмак категорияларында байге орундары үчүн күч сынашат.
Кыргызстандын атынан төмөнкү балбандар чыгат:
53 кг — Азиза Келдибекова;
57 кг — Таңчолпон Кыбалбекова;
62 кг — Дилназ Сазанова;
65 кг — Гүлнура Таштанбекова;
72 кг — Нурзат Нуртаева.
Кармаштар саат 11:30да башталат.
Ал эми финалдык беттештер 18:00дө башталып, 68 кг чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова жана 76 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы алтын үчүн беттештерди өткөрөт.