13:23, 9-апрель, 2026

Бишкектеги Азия чемпионаты: Бүгүн кыздар арасындагы мелдеш уланат

На русском
09:51, 9-апрель, 2026 205

АКИpress - Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Бүгүн, 9-апрелде килемге кыз-келиндер күрөшүнүн өкүлдөрү чыгып, 53, 57, 62, 65 жана 72 кг салмак категорияларында байге орундары үчүн күч сынашат.

Кыргызстандын атынан төмөнкү балбандар чыгат:

53 кг — Азиза Келдибекова; 

57 кг — Таңчолпон Кыбалбекова; 

62 кг — Дилназ Сазанова; 

65 кг — Гүлнура Таштанбекова; 

72 кг — Нурзат Нуртаева. 

Кармаштар саат 11:30да башталат.

Ал эми финалдык беттештер 18:00дө башталып, 68 кг чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова жана 76 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы алтын үчүн беттештерди өткөрөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»