01:25, 10-апрель, 2026

Израилдин Ливанга соккусунан 254 адам каза болду

На русском
09:49, 9-апрель, 2026 313

АКИpress - Израилдин Ливанга жасаган чабуулунан каза болгондордун саны кеминде 254кө жетти, миңден ашык адам жаракат алды, деп билдирди «Аl Jazeera» өлкөнүн жарандык коопсуздук кызматынын маалыматына шилтеме берүү менен.

«Шаршемби күнкү чабуулдардын кесепетинен кеминде 254 адам каза болуп, дагы 1165и жаракат алды», - деп айтылат билдирүүдө.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Ракан Насередин Израил жүздөн ашык авиа чабуул жасагандан кийин тез жардам унаалары жабырлануучуларды ооруканаларга жеткирип жатканын кошумчалап, эл аралык уюмдарды жардам көрсөтүүгө чакырды.

8-апрелде Дональд Трамп Ормуз кысыгын тез арада толук кандуу ачуу үчүн Иранга сокку уруу эки жумага токтотула турганын жарыялады.

Израил АКШны колдоп, бирок ок атышпоо режими Ливанга жайылтылбай турганын белгиледи. Ошол эле күнү Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) аскердик операция башталгандан бери Ливандагы «Хезболланын» инфраструктурасына эң ири чабуул жасалгандыгын билдирди. АКШ да ок атышпоо келишиминде Ливан тууралуу сөз болбогондугун билдирген. «Fars» окуядан кийин Иран Ормуз кысыгын кайрадан жапканын билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»