14:34, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:54, 9-апрель, 2026 (38 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (34 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?

Президент Жапаров кайра жаралуучу энергия боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди

На русском
09:40, 9-апрель, 2026 226

АКИpress - Президент Садыр Жапаров «Кайра жаралуучу энергия булактары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.

Документ 2026-жылдын 7-апрелинде «Эркин Тоо» гезитине жарыяланды. Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.

Министрлер кабинетине 6 айдын ичинде өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын жаңы талаптарга ылайык келтирүү тапшырылды. Мыйзамга жаңы түшүнүктөр киргизилди. Алардын ичинде «аукцион», «конкурс», «электр энергиясын топтоочу түзүлүш» жана «ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме» бар. Аукцион деп кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы долбоорлор үчүн тарифти эң жогорку чектен төмөндөтүү жолу менен аныктоо механизми түшүндүрүлөт.

Негизги өзгөртүүлөрдүн бири күн жана шамалдан электр энергиясын өндүргөн объекттерге тиешелүү болду. Эми алар объекттин жалпы кубаттуулугунун кеминде 30%ына барабар болгон энергия топтоочу түзүлүштөрдү орнотууга милдеттүү.

Ошондой эле мыйзам бул тармактагы ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрдү. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эми бул багыттагы мамлекеттик саясатты жүргүзөт, өнүктүрүү программаларын иштеп чыгат, объекттердин электр тармактарына кошулушун көзөмөлдөйт жана зарыл болсо электр энергиясын жеткирүү боюнча келишимге башка тараптар менен бирге кол кое алат.

Ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме өнүктүрүү программаларын даярдоого катышат, кайра жаралуучу энергия булактары боюнча объекттер үчүн жер тилкелерин резервге алат, курулуш үчүн аукцион жана конкурс жарыялайт. Эгер жер тилке эки жыл бою максатына ылайык пайдаланылбаса, аны колдонуу укугун токтотуу демилгесин көтөрө алат.

Тариф маселеси да өзгөрдү. Жеңилдетилген мезгилде кайра жаралуучу энергия булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясынын эң жогорку тарифи Министрлер кабинетинин тарифтик саясатына ылайык аныкталат. Инвестициялык келишим же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында бул тариф чет элдик валютада да белгилениши мүмкүн. Жеңилдетилген мезгилде мындай объекттер үчүн тариф өткөн жылдагы акыркы керектөөчүлөр үчүн орточо тарифтин деңгээлинде белгиленет, бирок ал эң жогорку чектен ашпоого тийиш. Эгер тариф аукцион же конкурс аркылуу аныкталса, бул эреже колдонулбайт. Ал эми микрогенерация объекттери үчүн тариф калк үчүн өткөн жылдагы орточо тарифке тең болот.

Мыйзамда улуттук электр тармактары жана бөлүштүрүүчү ишканалар техникалык мүмкүнчүлүк болсо, кайра жаралуучу энергия булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясын өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейин тоскоолдуксуз өткөрүп берүүгө милдеттүү экени да бекитилди. Жеңилдетилген мөөнөт бүткөндөн кийин кайра жаралуучу энергия булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясына тарифти отун-энергетика тармагын жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир объект үчүн өзүнчө белгилейт.

Дагы бир жаңы норма боюнча, кайра жаралуучу энергия булактарынан электр энергиясын өндүргөн субъекттер сатылган электр энергиясынан түшкөн кирешенин 1%ын объект жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетине которуп турушу керек.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»