АКИpress - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жеке нотариус кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тактап айтканда 1983-жылы туулган К.Ж.З. кармалды.
«Ал кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин мыйзамсыз түрдө жол-жоболоштурган. Документтерде тараптардын кол тамгалары жасалмаланганы аныкталды.
Тактап айтканда документ мүлктүн мыйзамдуу ээсинин кабары жок жана анын катышуусусуз түзүлгөн. Жеке нотариустун аракеттеринен жабырлануучу мүлккө болгон менчик укугунан мыйзамсыз түрдө ажыратылган», - деп айтылат расмий маалыматта.