05:41, 10-апрель, 2026

Иран кайрадан Ормуз кысыгын жапты

На русском
09:25, 9-апрель, 2026 769

АКИpress - Израилдин Ливанга кол салуусуна жооп катары Иран Ормуз кысыгын жапты. 

Ислам революциясынын сакчылар корпусуна байланыштуу «Fars» маалымат агенттиги билдиргендей, шаршемби күнү эртең менен Ирандын уруксаты менен эки мунай танкери өткөн, азыркы учурда кыймыл токтотулду.

АКШ президенти Дональд Трамп жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ок атышууну токтотуу боюнча келишимге Ливан камтылбаганын билдиришкен. Бирок ортомчу болгон Пакистан муну четке кагууда.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Вашингтон ок атышууну токтотууну же Израил аркылуу согушту улантууну тандашы керек экенин жана эки мүмкүнчүлүктү тең колдоно албастыгын билдирди.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин авиасоккуларынан кеминде 112 адам каза болуп, 837и киши жаракат алганын билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»