14:50, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:54, 9-апрель, 2026 (45 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (34 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?

Иран АКШ менен сүйлөшүүнүн мааниси жоголгонун билдирди

На русском
09:21, 9-апрель, 2026 567

АКИpress - Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф макулдашуу бузулгандан кийин АКШ менен сүйлөшүү жана ок атышууну токтотуу маанисин жоготконун билдирди. Бул тууралуу «Mehr» жазды.

«ISNA» кабарлагандай, Мохаммад Багер Галибаф 10-апрелге белгиленген сүйлөшүүдө ирандык делегацияны жетектейт.

Ал Ливанга каршы агрессия, Ирандын аба мейкиндиги бузулганы жана уран байытуу укугун четке кагууну келишимди бузуу деп атады. Мохаммад Багер Галибаф Тегеран алгач сүйлөшүү сунушун ишенимсиздик менен кабыл алганын жана күтүлгөндөй эле АКШ сүйлөшүү баштала электе эле өз милдеттенмелерин бузганын кошумчалады. Ал сүйлөшүүнүн негизи бузулганда, эки тараптуу ок атышууну токтотуу жана сүйлөшүү маанисиз болуп калганын айтты.

Ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашуу жарыялангандан кийин Израил Ливандагы «Хезболланын» инфраструктурасына ири чабуул жасады. «Al Jazeera» Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жүздөгөн адам жарадар болгонун жана каза болгонун билдирди.

Трамп Ливан ок атышууну токтотуу келишимине кирбегендигин белгилеген. Бирок Иран Израилдин аракеттеринен улам Ормуз кысыгын кайрадан жапты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»