АКИpress - 2010-жылы туулган Субанова Касиет Саниловна изделип жатканы тууралуу 8-апрелде Ленин РИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Бир тууганынын айтымында, 7-апрелде болжол менен саат 7:30да кыз үйүнөн №82 мектепке чыгып кеткен бойдон азыркыга чейин кайтып барган эмес. Учурда анын кайда жүргөндүгү белгисиз.
Бул факт катталган.
Белгилери: бою 165–170 см, арык чырай, чачы кара, көздөрү күрөң.
Өзгөчө белгилери: брекет киет, меңи бар.
Кийген кийими: ак футболка, кара күрмө, кара шым, кара бут кийим.
Милиция кыздын кайда жүргөндүгү тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды (0312) 35-29-47, 0703 699 055 жана 0778 878 555 номурларына билдирүүгө чакырат.