03:52, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:25, 9-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Иран кайрадан Ормуз кысыгын жапты
11:32, 8-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
18:27, 9-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
10-апрелде Бишкектин кайсы жеринде жарык өчүрүлөт?

16 жаштагы Касиет Субанова изделүүдө

На русском
08:07, 9-апрель, 2026 625

АКИpress - 2010-жылы туулган Субанова Касиет Саниловна изделип жатканы тууралуу 8-апрелде Ленин РИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Бир тууганынын айтымында, 7-апрелде болжол менен саат 7:30да кыз үйүнөн №82 мектепке чыгып кеткен бойдон азыркыга чейин кайтып барган эмес. Учурда анын кайда жүргөндүгү белгисиз.

Бул факт катталган.

Белгилери: бою 165–170 см, арык чырай, чачы кара, көздөрү күрөң.

Өзгөчө белгилери: брекет киет, меңи бар.

Кийген кийими: ак футболка, кара күрмө, кара шым, кара бут кийим.

Милиция кыздын кайда жүргөндүгү тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды (0312) 35-29-47, 0703 699 055 жана 0778 878 555 номурларына билдирүүгө чакырат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»