05:44, 10-апрель, 2026

Кыргызстанда 15-апрелге чейин аба ырайы булуттуу болот

На русском
08:03, 9-апрель, 2026 1141

АКИpress - 8-9-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы жана суук күтүлөт. Түздүктөрдө негизинен жаан жаап, күн күркүрөйт, өлкөнүн тоолуу райондоруна кар жаайт.

8-15-апрелге чейинки аба ырайынын божомолуна ылайык, апта бою булуттуу аба ырайы сакталат.

Бишкек жана Ош шаарларында 8-9-апрелде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Борбор калаада 10-15-апрель күндөрү булуттуу, калган күндөрү аз булуттуу аба ырайы болот. Ош шаарында 12-15-апрелде булуттуу болору күтүлүүдө.

Чүй облусунун түздүк аймагында аптанын көбү жаан-чачындуу өтүп, тоолуу жана тоо этектеринде кар жаайт. Талас облусунда 8-9-апрелде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган күндөрү жаан-чачынсыз болот.

Ош облусунда негизинен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында кар аралаш жаан жаайт. Жалал-Абад облусунда 10-13-апрелде күндүз да жаан жаайт. Баткен облусунда да 8-9-апрелде жаан жаап, күн күркүрөйт, 11-апрелде да жаан-чачын күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда 8-апрелде булуттуу болуп, 9-10-апрелде жаан жаашы күтүлүүдө. Бийик тоолуу райондордо жана Чоң-Ашуу ашуусунда кар жаайт. Нарын облусунда негизинен түнкүсүн кар, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт.

Температуралык көрсөткүчтөр:

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»