04:00, 9-апрель, 2026

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынын финалына чыкты

На русском
17:56, 8-апрель, 2026 544

АКИpress - Мээрим Жуманазарова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Ал 68 кг чейинки салмак категориясында катышып, 1/4 финалдык этаптан баштады.

Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Вьетнамдын спортчусун 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалдагы Жуманазарованын атаандашы дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунда турган, ушул салмак категориясындагы Азиянын учурдагы чемпиону жана 2025-жылкы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, кытайлык спортчу болду.

Эми финалда анын атаандашы дүйнөлүк рейтингдин лидери, Япониядан келген Азиянын жана дүйнөнүн (65 кг чейинки салмакта) учурдагы чемпиону Мива Морикава болот. Мелдеш 9-апрелде өтөт.

Беттештер:

1/4 финал

Мээрим Жуманазарова - Тхи Линь Данг (Вьетнам) — 11:0

Жарым финал

Мээрим Жуманазарова - Зэлу Ли (Кытай) — 1:1, Жуманазарованын жеңиши

Финал

Мээрим Жуманазарова - Мива Морикава (Япония)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»