02:19, 9-апрель, 2026

Кенжегүл Сатыбалдиева Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театрына көркөм жетекчи болуп дайындалды

17:53, 8-апрель, 2026 209

АКИpress - Кенжегүл Сатыбалдиева 7-апрелинен тарта 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишимдин негизинде, Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Сатыбалдиева Кенжегүл Асангуловна 1970-жылдын 21-февралында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган. 1986–1988-жылдары орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияда билим алган. 1988–1992-жылдары Н. К. Черкасов атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтун аяктап, театр искусствосу боюнча жогорку билим алган.

Эмгек жолун Жалал-Абад облусунун Барпы атындагы театрында жана Бишкек шаардык А.Умуралиев атындагы театрында улантып, тажрыйба топтоп, актриса жана режиссёр катары калыптанган.

2003-жылы эл артисти Н. Асанбеков, М. Алибаев, Б. Жаныбеков жана И. Жунусов менен биргеликте «Сахна» эпикалык көчмө театрын негиздеген. 2008-жылдан тартып педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенип, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда, Искусство институтунда жана Б. Бейшеналиева атындагы университетте эмгектенген.

Учурда Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда режиссёр жана педагог болуп эмгектенет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»