21:22, 8-апрель, 2026

88 жаштагы машыктыруучунун дагы бир шакирти чемпион болду

На русском
17:42, 8-апрель, 2026 570

АКИpress - 7-апрелде Кыргызстандын курама командасынын капчыгына грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынан 3 алтын медаль түштү.

Акжол Махмудов үчүн бул алтын карьерасындагы төртүнчү жеңиш болду. Ал эми Афтандил Таалайбек уулу менен Асан Жанышов чоңдор арасындагы Азия чемпионатында биринчи жолу чемпион аталды.

23 жаштагы Афтандил Таалайбек уулу көп жылдан бери Хаким Махмудовдун кол алдында машыгып келет. Ал «UWW» уюмунун алдындагы расмий мелдешке алгач 2019-жылы Казакстанда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында катышкан. Бирок анда биринчи эле беттешинде жеңилип калган. Ошондон кийин көпкө чейин улуттук курамага кирбей жүргөн.

2023-жылы ал Бишкекте өткөн рейтингдик турнирге катышып, 60 кг салмакта 5-орунду ээлеген. Коло медаль үчүн беттеште утулуп калган. 2024-жылы Кыргызстандын чемпионатында 63 кг салмакта финалга чейин жетип, 2-орунду алган. Андан кийин Түркияда өткөн «Яшар Догу» турниринде коло медаль тагынган.

2026-жылы Кыргызстандын чемпионатында 3-орунду, Албаниядагы рейтингдик турнирде 7-орунду ээлеген. Балбанга Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында 63 кг салмакта күрөшүү мүмкүнчүлүгү берилди. Мелдеште ал алгач Япониядан келген спортчуну жеңди. Андан кийин Түркмөнстандын балбанын мөөнөтүнөн мурда утуп, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште Таалайбек уулу Ирандан келген 21 жаштагы атаандашын 7:2 эсебинде ишенимдүү жеңип, карьерасында биринчи жолу Азия чемпиону болду.

Жеңиштен кийин Афтандил өзүнүн 88 жаштагы машыктыруучусу Хаким Махмудов менен бирге Кыргызстандын туусун көтөрүп чуркады.

Хаким Махмудов дагы бир Азия чемпионун тарбиялады. Ал буга чейин Жанарбек Кенжеевдин чемпион болушуна салым кошкон, ошондой эле бала кезинен Олимпиаданын коло байге ээси, дүйнөнүн эки жолку жана Азиянын үч жолку чемпиону Жоламан Шаршенбековду тарбиялаган. Азыр Хаким Махмудов машыктыруучу катары ишин улантып, эки топту — балдар жана чоңдор тобун жетектеп жатат. 

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»