21:22, 8-апрель, 2026

88 жер тилке, 9 үй: Жогорку Кеңеште жетимдердин турак жай маселеси көтөрүлдү

На русском
17:35, 8-апрель, 2026 203

АКИpress - Кыргызстанда мыйзам талаптарына карабастан, жетим балдардын олуттуу бөлүгү турак жайсыз калууда. Бул тууралуу 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова билдирди.

Анын айтымында, Турак жай кодексине ылайык, 16 жаштан 23 жашка чейинки жетимдер турак жай же жер тилкеси менен камсыз болушу керек, бирок практикада бул ченемдер толук түрдө аткарылбай келет.

«Маалыматтар боюнча, жетимдердин аз гана бөлүгү турак жайга ээ болду, калгандары иш жүзүндө баш калкалоочу жайы жок калышууда», - деп белгиледи ал.

Эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдиргендей, өлкөдө 3367 жетим бар. Ошол эле учурда, президенттин 18 жашка толгондо 500 миң сом төлөөнү караган «Келечекке салым» жарлыгы иштеп жатат, аны турак жайга, билим алууга же ден соолукка жумшаса болот.

Башкы прокурор Максат Асаналиев прокуратуранын катышуусу менен жетимдерге 88 жер тилке жана 9 турак үй берилгенин билдирди. 2025-жылы 116 текшерүү жүргүзүлүп, 289 мыйзам бузуу аныкталып, 114 чара көрүү актысы киргизилип, 2 кылмыш иши козголгон жана 8 доо арыз сотко берилген.

Депутат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө чакырды. Анын айтымында, көптөгөн жетим бала аялуу абалда калып, кылмыштуулукка кабылып жатканын белгиледи.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»