02:19, 9-апрель, 2026

Жапайы жаныбарларды багуунун жана көбөйтүүнүн жаңы эрежелери бекитилди

На русском
17:14, 8-апрель, 2026 251

АКИpress - Министрлер кабинети жапайы жаныбарларды багуунун жана көбөйтүүнүн жаңы эрежелерин бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин туткунда, жарым-жартылай эркин шарттарда жана жасалма түрдө түзүлгөн чөйрөдө багуу жана көбөйтүү тармагын тартипке келтирүүгө багытталган.

Токтомго ылайык, жапайы жаныбарларды багуу жана көбөйтүү менен алектенген бардык юридикалык жана жеке жактар 6 айдын ичинде корутунду алуу жана багуу жайларынын атайын реестрине кирүү үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга милдеттүү.

Ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча колдонуудагы ченемдерге өзгөртүүлөр киргизилди. Тактап айтканда, төлөмдөр жаңыртылды. Ак жана кара илегилектерге мыйзамсыз зыян келтирилсе 30 миң сом, тоо эчкиси үчүн 300 миң сом, элик үчүн 100 миң сом өлчөмүндө айып пул белгиленди.

Мындан тышкары, алгыр жырткыч куштарды багуу эрежелери жөнүндө 2018-жылдагы токтом күчүн жоготту деп таанылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»