12:29, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:54, 9-апрель, 2026 (304 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (285 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
15:00, 8-апрель, 2026 (85 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды

Жапайы жаныбарларды багуунун жана көбөйтүүнүн жаңы эрежелери бекитилди

На русском
17:14, 8-апрель, 2026 339

АКИpress - Министрлер кабинети жапайы жаныбарларды багуунун жана көбөйтүүнүн жаңы эрежелерин бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин туткунда, жарым-жартылай эркин шарттарда жана жасалма түрдө түзүлгөн чөйрөдө багуу жана көбөйтүү тармагын тартипке келтирүүгө багытталган.

Токтомго ылайык, жапайы жаныбарларды багуу жана көбөйтүү менен алектенген бардык юридикалык жана жеке жактар 6 айдын ичинде корутунду алуу жана багуу жайларынын атайын реестрине кирүү үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга милдеттүү.

Ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча колдонуудагы ченемдерге өзгөртүүлөр киргизилди. Тактап айтканда, төлөмдөр жаңыртылды. Ак жана кара илегилектерге мыйзамсыз зыян келтирилсе 30 миң сом, тоо эчкиси үчүн 300 миң сом, элик үчүн 100 миң сом өлчөмүндө айып пул белгиленди.

Мындан тышкары, алгыр жырткыч куштарды багуу эрежелери жөнүндө 2018-жылдагы токтом күчүн жоготту деп таанылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»