АКИpress - Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Иранга сокку урууну токтотконун билдирди. Ошол эле учурда Ливандагы «Хезболлага» каршы согуштук аракеттер уланат. Мындай билдирүүнү ЦАХАЛдын басма сөз кызматы жарыялады.
«Саясий жетекчиликтин директиваларына ылайык, ЦАХАЛ Иранга каршы ок атууну токтотуп, жогорку деңгээлдеги аскердик даярдыкта турат жана келишимдин бузулушуна жооп берүүгө даяр», - деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда ливандык «Хезболлага» каршы кургактыктан жана абадан операциялар улантыла турганын белгиледи.
ЦАХАЛ түн ичинде Иранга жасалган бир катар чабуулдар тууралуу маалымат берди. Израилдин аба күчтөрү ондогон ракета учуруучу каражаттарга сокку уруп, Израилге карата ири чабуулдардын толкуну токтотулганы айтылды. Мындан тышкары Ирандын бир нече аймактарында өндүрүш объектилери чабуулга алынган.
7-апрелде Дональд Трамп Иранга берилген мөөнөттү эки жумага узартууга макул болгон. Ал тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүндө алдыга жылышканын жана белгиленген мөөнөттө тынчтык келишими толук иштелип чыгарын билдирген. АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү 10-апрелде Пакистандын борбору Исламабадда болору пландалууда.