22:38, 8-апрель, 2026

Ошто башына ок чыгарган аскер каза тапты, - Чек ара кызматы

На русском
16:54, 8-апрель, 2026 815

АКИpress - 7-апрелде Ош облусунун Мамлекеттик чек ара кызматынын бөлүмдөрүнүн биринде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкер өз жанын кыйды. Бул тууралуу 8-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.

2004-жылы туулган аскер кызматкери И. уулу А. АК-74 үлгүсүндөгү автомат менен башына атып, каза болгон.

Аталган окуя тиешелүү укук коргоо органдарына маалымдалып,  факт боюнча бардык жагдай жана себептерди аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды.

Буга чейин «Эркечтам» бекетинде чек арачы өзүнө ок атып алганы, абалы оор экени кабарланган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»