АКИpress - 8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.
Минкабдын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун жана башка багыттардын кеңири комплекси талкууланды. Ошондой эле кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы жыйынынын маселелери да каралды.
Тараптар эки өлкө үчүн тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк рухунда артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.