20:11, 8-апрель, 2026

Минкаб башчысы Орусиянын вице-премьери Оверчук менен жолугушту

На русском
16:20, 8-апрель, 2026 108

АКИpress - 8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.

Минкабдын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун жана башка багыттардын кеңири комплекси талкууланды. Ошондой эле кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы жыйынынын маселелери да каралды. 

Тараптар эки өлкө үчүн тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк рухунда артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»