АКИpress - Кыргызстанда алимент төлөбөгөндүгү үчүн 1204 жаран издөөдө жүргөнүн, Сот аткаруу кызматынын директору Жыргалбек Курманбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал жалпысынан 60 миң 720 аткаруу өндүрүшү бар экендигин маалымдады.
«Мурда алимент өндүрүү боюнча көп жылдар бою ИИМде турган бардык материалдар райондук прокуратуралардын көзөмөлүнө алынган. Алар боюнча тиешелүү сотко чейинки текшерүүлөр жүргүзүлүп, толук төлөнбөй калган учурларда иш козголот. Азыр калган иштер боюнча алименттер 178-беренеге ылайык толугу менен төлөнүп жатат», - деди ал.