АКИpress - Ыкчам маалымат жана кирүү-чыгуу каналдарындагы фильтрациялык иш-чаралардын негизинде А.Ф., Р.Ш. жана Н.Х. аттуу чет өлкөлүк жарандар кармалды.
УКМК билдиргендей, аталган жарандар радикалдуу диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү экени жана өз өлкөлөрүндө террористтик кылмыштар үчүн издөөдө жүргөнү аныкталды. Алар Кыргызстанда жаштарды өз катарына тартууну пландашкан.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.