АКИpress - 1500дөн ашык Кыргызстандын жараны чет мамлекеттерде жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянган отчетунда айтылат.
Алардын ичинен 1210 адам Орусиянын 79 субъектисинде жайгашкан түзөтүү мекемелеринде кармалууда.
«Соттолгондорду өткөрүп берүү процедураларын тездетүү үчүн орус тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын ичинде документтерди кароо мөөнөттөрүн кыскартуу жана мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери каралууда», - деп айтылат отчетто.