05:39, 9-апрель, 2026

Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды

На русском
15:00, 8-апрель, 2026 1994

АКИpress - 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Эсеп палатасынын аудиторлорун шайлашты.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиев Эсеп палатасынын аудитору кызматына Алимжан Байгазаковдун [Эсеп палатасынын мурдагы аудитору] талапкерлигин көрсөттү. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Байгазаковдун талапкерлигин 82 депутат колдоду.

Парламенттин Финансы боюнча комитетинин башчысы Алтынбек Кудайбердиев «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобу Эсеп палатасынын аудитору кызматына Алмазбек Акматовдун [Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы] талапкерлигин, «Ишеним» депутаттык тобу Зарылбек Сатаевдин [Эсеп палатасынын мурдагы аудитору] талапкерлигин сунуштаганын билдирди. Добуш берүүнүн жыйынтыгында алар дагы Эсеп палатасынын аудиторлору болуп шайланышты.

Жаңы аудиторлор Жогорку Кеңеште ант беришти. Эсеп палатасы жөнүндөгү конституциялык мыйзамга ылайык, аудиторлор 5 жылга шайланат. Палатанын төрагасы президент тарабынан тандалат.


Садыр Жапаров 3-февралда Жогорку Кеңешке Эсеп палатасы жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кароого киргизген. Анда Эсеп палатасынын аудиторлорунун санын, төраганы кошкондо, 9дан 3кө чейин кыскартуу каралган. Эки талапкер Жогорку Кеңеш, бир талапкер президент тарабынан сунушталат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»