АКИpress - 2026-жылы Бишкектеги көрүстөндөргө видеокөзөмөл орнотуу пландалып жатканын 8-апрелде«Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Кубат Курамаев Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылга карата атайын техникаларды — экскаватор, жүк ташыгыч, суу ташуучу унаа сатып алуу да пландалган. Ошондой эле муниципалдык ишкана көрүстөн үчүн каралган аянттарга уруксат алуу документтерин алууну көздөөдө. Жалпысынан муниципалдык ишкананын быйылкы иш планы 14 пункттан турат. Санариптештирүү жаатында «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы менен биргеликте биринчи чейректин иши жыйынтыкталууда.
Камералар боюнча жакында тендер жарыяланат.
Аянттарга документтерди алуу боюнча топографиялык съемкалар жүргүзүлүп, архитекторлор менен биргелешкен иштер жүрүп жатат.