00:14, 9-апрель, 2026

Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 6 аудиторун кызматтан бошотту (Тизме)

На русском
14:49, 8-апрель, 2026 538

АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кудайбердиев 8-апрелде 2026-жылы пленардык жыйында Эсептөө палатасынын 6 аудитору кызматтан бошотулганын билдирди.

Анын айтымында, эми парламент 3 аудиторду шайлайт (мурдагы 9дун ордуна), анын ичинен: 1 аудитор президенттин сунушу менен, 2 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталат.

Кызматтан бошотулган аудиторлор:

    • Алимжан Байгазаков,

    • Уран Жумагулов,

    • Жузупбек Нурматов,

    • Алмаз Турдумалиев,

    • Азамат Раматилаев,

    • Пардаали Батиров.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар бул сунушту бир добуштан колдошту.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»