01:23, 9-апрель, 2026

Россиялык инвестор компаниясынын бир бөлүгүн тартып алган мурдагы аткаминерлерге карата чара көрүүнү өтүндү

На русском
14:42, 8-апрель, 2026 421

АКИpress - Россиялык инвестор Абдурахман Бабасиев Миң-Куштагы көмүр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча шектүүлөр үй камагына чыгып, анын зыяны өндүрүлбөгөнүн айтты. Бүгүн, 8-апрелде «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында ал 2007-жылы Агулак айылынын жанындагы карьерде көмүр казуу укугун алып, 2009-жылдан тарта ишмердүүлүк жүргүзө баштаганын билдирди.

Анын айтымында, 6 млн доллардан ашык инвестиция салып, өзүн бул тармактагы адис катары тааныштырган Ж.у.А. аттуу жаранды компанияга директор кылып дайындаган.

«Карьерге жакын жайгашкан кыштактын тургундары менен келишпестиктер болуп, Ж.у.А. жергиликтүүлөр менен эпке келерин айтып, бир компания кепилдик болуп бере аларын, бирок бул үчүн акциялардын үлүшүн берүү керекттигин айткан. Кийин келишим ишке ашпай калып, бирок Ж.у.А. акционерлердин жыйынын өткөрүп, баасы 5 млн болгон келишим түзүп келгени, өзүн башкы директор катары таанытканы белгилүү болду. Бул уставга жатпайт эле. Ушундан кийин экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестиктер башталды», - деди ал.

Анын айтымында, ага карата бут тосуулар болуп, тергөө абагына камалган. Кийин ага мурдагы жергиликтүү депутат М.М. кирип, маселесин чечип берүү үчүн компаниянын үлүшүн талап кылган. Коркутуулардан, психологиялык басымдан улам ал 2024-жылдын декабрь айында компаниянын 30%дык акциясын М.М.га берген.

Казылган 5 млн тонна продукт белгисиз жактарга сатылганын айткан Бабасиев азыркыга чейин анын ыгымы өндүрүлбөй жатканын белгилеп, ал эми шектүүлөр боштондукка чыгып, аны коркутуп жатканын кошумчалады.

Компаниянын башкы бухгалтери ишкананын дебитордук карыздары төлөнбөгөнүн белгиледи.

«Директор катары Ж.у.А. бухгалтерияны өткөрүп алууга милдеттүү болчу. Бирок ал документтерди кабыл алган эмес, эмне себептен кабыл албаганы мага белгисиз. Мындан тышкары, компанияны эсепке кабыл алуу документациясын өткөрүп алуу зарылдыгы тууралуу ага бир нече жолу расмий түрдө, анын ичинде почта аркылуу жөнөтүлгөн билдирүүлөр менен да кабарланган, бирок мунун баары көз жаздымда калган. 4-5 ай өткөндөн кийин телефон чалып, 1С базасын өткөрүп берүүнү талап кылган, кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары болбосо бул мыйзамсыз болуп саналат. Албетте, мен баш тарттым, андан кийин ал мени коркута баштады», - деди ал.

Жактоочу Евгений Савченконун айтымында, козголгон кылмыш иши боюнча тергөөчү Экология министрлигинин Геология кызматына кат жолдоп, анын негизинде компаниянын лицензиясы токтотулган. Иштин кайра тергелиши талап кылынып мунун менен катар камактагы шектүүлөрдүн бөгөт чарасы өзгөргөн. Ж.у.А.былтыр үй камагына чыкса. М.М. быйыл март айынын аягында үй камагына чыгарылган.

Жактоочу кылмыш ишинин жүрүшү тууралуу толук кандуу маалымат берилбей жатканын белгилеп, Бабасиев тараптан тиешелүү органдарга жолдонгон каттар жоопсуз калып жатканын айтты. Анын айтымында, учурда Бишкек шаардык сотуна лицензияны жокко чыгаруу боюнча чечимге даттануу жиберилген. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»