19:59, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды

Өткөн жылы издөөгө алынган 80 жаран Кыргызстанга алып келинди

На русском
13:37, 8-апрель, 2026 320

АКИpress - Кыргызстанда 2025-жылы эл аралык кызматташуу аркылуу 80 экстрадициялык суроо-талап канааттандырылып, издөөдө жүргөн жарандар өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат.

Жалпысынан чет мамлекеттерге 143 суроо-талап жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында Кыргызстанга 80 адам жеткирилген. Алардын 58и Орусиядан, 17си Казакстандан, калгандары Вьетнам, Өзбекстан, Армения жана Грузиядан алып келинди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»