АКИpress - Уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, окуя 16-мартка караган түнү базарлардын биринде болгон. Акча алмаштыруучу жайдан 200 миң сом жана 27 миң теңге уурдалган.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) боюнча каттоого алынып, шектүү катары 2002-жылы туулган Т.А. жана 1998-жылы туулган Т.У. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.