00:37, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (8 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
13:37, 7-апрель, 2026 (6 адам окуп жатат)
Эрк Орозбаев Таш-Көмүрдүн мэри болду
13:35, 7-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Таш-Көмүрдүн мэри кызматтан бошотулду

Кыргызстанда жаратылышты коргоо прокуратурасы түзүлөт

На русском
12:32, 8-апрель, 2026 219

АКИpress - Жакынкы арада Кыргызстанда жаратылышты коргоо прокуратурасы түзүлөт. Бул тууралуу башкы прокурор Максатбек Асаналиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүля Кожокулованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Кожокулова жаратылышты коргоо актуалдуу маселе бойдон кала берерин белгиледи. 

«Жаратылыш министрлиги чындыгында мониторинг менен гана алектенет, ал эми ичүүчү суу, Ысык-Көлдү сактоо, тоо көлдөрү жана ыш маселелери актуалдуу бойдон калууда», - деди ал жана Ысык-Көлдөгү «Жаңыл» балдар лагеринин Жаратылыш министрлигине берилгени суроо жаратканын кошумчалады. Депутат жаратылышты коргоо прокуратурасын кайрадан түзүүнү сунуштады.

Башкы прокурор Асаналиев президент жаңы түзүм үчүн 30 штат бөлгөнүн билдирди. Жаңы прокуратураны түзүү чечими даярдалууда, ал мурункудай эле өлкөнүн түштүк жана түндүгүндө иштейт.

Асаналиев жаңы прокуратура төрт негизги багыт боюнча иш алып барарын тактады:

    1. Жер казынасын пайдаланууга көзөмөл,

    2. Сууну пайдалануунун мыйзамдуулугу жана суу ресурстарын коргоо,

    3. Калдык сактоочу жайлардын абалы,

    4. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында мыйзамдуулуктун сакталышы.

Ал жаңы орган ушул аптада эле түзүлүп калышы мүмкүн экенин айтты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»