АКИpress - Кыргызстанда жашы жете элек балдардын айрымдары кайра-кайра кылмыш жасап жатканы статистиканын өсүшүнө таасир этүүдө. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, былтыр кармалган 1814 баланын ичинен айрымдары бир нече жолу кылмыш жасашкан. Тактап айтканда, бир өспүрүм 15 жолу, үчөө 10 жолу, экөө 9 жолу, бирөө 8 жолу, төртөө 7 жолу, экөө 6 жолу, сегизи 5 жолу, тогузу 4 жолу кылмыш жасаган.
Башкы прокурор белгилегендей, кайталап жасалган укук бузуулар кылмыштардын жана кылмыштуулукка аралашкан жашы жете электердин санын көбөйтүүгө олуттуу таасирин тийгизет.