19:46, 8-апрель, 2026

1 өспүрүм бир жылда 15 жолу кылмыш жасаган, - башкы прокурор

На русском
11:59, 8-апрель, 2026 334

АКИpress - Кыргызстанда жашы жете элек балдардын айрымдары кайра-кайра кылмыш жасап жатканы статистиканын өсүшүнө таасир этүүдө. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр кармалган 1814 баланын ичинен айрымдары бир нече жолу кылмыш жасашкан. Тактап айтканда, бир өспүрүм 15 жолу, үчөө 10 жолу, экөө 9 жолу, бирөө 8 жолу, төртөө 7 жолу, экөө 6 жолу, сегизи 5 жолу, тогузу 4 жолу кылмыш жасаган.

Башкы прокурор белгилегендей, кайталап жасалган укук бузуулар кылмыштардын жана кылмыштуулукка аралашкан жашы жете электердин санын көбөйтүүгө олуттуу таасирин тийгизет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»