АКИpress - Америка Кошмо Штаттарынын космос изилдөө мекемеси (NASA) «Артемида II» миссиясынын экипажы тарткан Айдын аркы бетинин алгачкы сүрөттөрүн жарыялады.
Айды айланып учуу жети саатка созулду. «Орион» космос кемеси Айдын бетинен болжол менен 6400 километр алыстыкта учуп өттү. Астронавттар Жерден 406 миң 771 км алыска кетип, жаңы рекорд орнотушту.