АКИpress - Бүгүн, 8-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы №19 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга анын өз арызы негиз болду.
Эгембердиев 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо 5316 добуш топтоп, мандат алган. Кийинки кезекте Рамис Жунусалиев турат. Ал шайлоодо 4767 добуш алган. Бирок ал 2025-жылы декабрда УКМК тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалганы белгилүү болгон.
№19 округ боюнча мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн 32 жарандан арыз түшүп, 22 талапкер катталган. Округ боюнча шайлоочулардын саны: 138 373 адам.
Чек ара: Сокулук районунун Гавриловка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй, Манас, Военно-Антоновка, Күн-Туу айыл аймактары; 106-МАБ, Ак-Өргө, Ак-Ордо, 103-МАБ, Бишкек шаарынын Ленин району толугу менен.