20:20, 8-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (29 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
19:44, 8-апрель, 2026 (8 адам окуп жатат)
Балбан Раззак Бейшекеев Азия чемпиону болду
15:00, 8-апрель, 2026 (6 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды

Айыл чарба министрлигине 60тан ашуун атайын техника берилди

На русском
11:21, 8-апрель, 2026 192

АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычын тапшырды. 

Жаңы сатып алынган атайын техникалардын абалы менен таанышкан Минкаб төрагасына айыл чарба министри Эрлист Акунбеков маалымат берди. 

40 техника мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынды, ага 128 млн сом жумшалды. Ал эми калган 23 техника эл аралык институттардын колдоосу менен алынды. Атайын техникалар райондук суу чарба башкармалыктарына берилет. 

“2021–2025-жылдар аралыгында республикалык бюджеттен Суу ресурстары кызматына 21,4 млрд сом бөлүндү. Бул каражаттар ирригациялык объектилерди тейлөөнү, каналдарды оңдоп-түздөөнү жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле акыркы 5 жылда 270 жаңы техника алынды. Мамлекет үчүн ирригацияны өнүктүрүүгө мындан да көп каражаттарды жумшоо – приоритет деп эсептеймин. Суу чарба кызматында  тажрыйбалуу кадрлар бар деп билем. Мамлекет сиздердин ишти жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык жактан камсыздоону жогорулатууну улантат”, - деди Адылбек Касымалиев. 

Министрлик жакынкы аралыкта Баткенде 4200 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылган “Алга кадам” долбоорунун негизги иштерин бүткөрөт, долбоор 2027-жылы толук ишке берилет.

2026-жылга 5270 гектар жерге тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларды орнотуу планы коюлган. Президенттин тапшырмасына ылайык Министрлер Кабинетине 2030-жылга чейин 200 миң гектарга тамчылатып сугаруу системасын орнотуу милдети коюлган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»