01:01, 9-апрель, 2026

Акжол Махмудов рекорд жаратты

На русском
10:32, 8-апрель, 2026 794

АКИpress - Акжол Махмудов 7-апрелде грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду. Аталган турнир ушул күндөрү Бишкекте өтүүдө.

Махмудов 77 кг чейинки салмак категориясында ат салышып, 1/8 финалдан баштады. Кыргызстандык спортчу төрт жеңишке жетип, алтын медалды камсыздады.

Бул алтын медаль Махмудовдун чоңдор арасындагы Азия чемпионаттарындагы төртүнчүсү болуп саналат. Мындай ийгиликти Кыргызстандын грек-рим күрөшү тарыхында эч кимге жасай элек болчу.

Махмудов алгачкы жолу Азиянын чемпиону болгондо 18 жашта болчу, мелдеш 2018-жылы Бишкекте өткөн.

Андан соң Акжол 2022-жылы Моңголияда жана 2023-жылы Казакстанда өткөн турнирлерде баш байгени жеңип алган.

Грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаттарында үч алтын медалы бар Жоламан Шаршенбеков бул ирет жаракатынан улам турнирди өткөрүп жиберди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»