01:26, 9-апрель, 2026

Мурунку батыш автобекеттин жери «Бишкек» эркин экономикалык аймагына кошулду

На русском
09:59, 8-апрель, 2026 369

АКИpress - Министрлер кабинети «Бишкек» эркин экономикалык аймагы жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү киргизди.

2026-жылдын 1-апрелиндеги №213 токтомго ылайык, «Бишкек» эркин экономикалык аймагын түзүүнүн максаттарынын тизмесине өндүрүштүк жана транспорттук инфраструктура менен катар туризмди өнүктүрүү багыты кошулду.

Ошондой эле анын параметрлери өзгөрдү. Эгерде мурда «Бишкек» ЭЭА жалпы аянты 346,09 гектарды түзгөн 3 тилкени камтыса, эми ал аянты 346,6208 гектарды түзгөн 4 тилкеде жайгашат.

Анын курамына Бишкектеги мурдагы батыш автобекетинин аймагынан 0,5308 гектар аянттагы тилке кошумча киргизилди.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын курамы:

— Бишкек шаарындагы Улуттук көргөзмө борборунун 43 гектар аянты;

— Аламүдүн районунун Ак-Чий айылындагы 203,09 гектар аянттагы тилке;

— Кара-Балтадагы 100 гектар аянттагы тилке;

— мурдагы батыш автобекетинин 0,5308 гектар аянты.

Токтом 7-апрелде «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланып, расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»