09:43, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:25, 9-апрель, 2026 (13 адам окуп жатат)
Иран кайрадан Ормуз кысыгын жапты
09:33, 9-апрель, 2026 (9 адам окуп жатат)
Балыкчыда жеке нотариус кармалды
08:31, 9-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
Доллар менен рубль канча сомго сатылып жатат?

Мурунку батыш автобекеттин жери «Бишкек» эркин экономикалык аймагына кошулду

На русском
09:59, 8-апрель, 2026 396

АКИpress - Министрлер кабинети «Бишкек» эркин экономикалык аймагы жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү киргизди.

2026-жылдын 1-апрелиндеги №213 токтомго ылайык, «Бишкек» эркин экономикалык аймагын түзүүнүн максаттарынын тизмесине өндүрүштүк жана транспорттук инфраструктура менен катар туризмди өнүктүрүү багыты кошулду.

Ошондой эле анын параметрлери өзгөрдү. Эгерде мурда «Бишкек» ЭЭА жалпы аянты 346,09 гектарды түзгөн 3 тилкени камтыса, эми ал аянты 346,6208 гектарды түзгөн 4 тилкеде жайгашат.

Анын курамына Бишкектеги мурдагы батыш автобекетинин аймагынан 0,5308 гектар аянттагы тилке кошумча киргизилди.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын курамы:

— Бишкек шаарындагы Улуттук көргөзмө борборунун 43 гектар аянты;

— Аламүдүн районунун Ак-Чий айылындагы 203,09 гектар аянттагы тилке;

— Кара-Балтадагы 100 гектар аянттагы тилке;

— мурдагы батыш автобекетинин 0,5308 гектар аянты.

Токтом 7-апрелде «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланып, расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»