АКИpress - «Бишкек Арена» стадионунун курулушу 90%га аяктады. Бул тууралуу 7-апрелде Президенттик иш башкармалыктан билдиришти.
Аталган жай Борбор Азиядагы эң ири спорт объекттердин бири болот.
Башкармалыктын басма сөз кызматы жазгандай, стадионду мындан ары каржылоо жана пайдалануу үчүн каражат керек. Буга байланыштуу стадиондун аймагында соода борборунун курулушу жүрүп жатат. Анын ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешени стадиондун инфраструктурасын кармоого, тейлөөгө жана өнүктүрүүгө багыттоо пландалууда.
Мекеме долбоор коноктор жана ижарачылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камтый турганын кошумчалады.
⛶