АКИpress - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерине алып бара турган жолдун курулуш иштери жандандырылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыргалаң айылында кыш мезгили 7 айга жакын созулгандыктан, аба ырайы жылыганына байланыштуу жол куруу сезону башталды.
Учурда Жыргалаң айылынан курортко чейинки 8,5 чакырым айланма жолдо жер казуу иштери жүрүп жатат.
Ошол эле учурда суу өткөргүч курулуштарына даярдык көрүлүүдө.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Каракол шаарынан курортко чейин 2–4 тилкелүү жаңы заманбап унаа жолу курулат. Долбоорду каржылоо «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренесинин алкагында камсыз кылынат.
Долбоорго ылайык, жолдун негизи толугу менен даярдалып, асфальт төшөлүп, жол 2026-жылы пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.